Жогорку Кеңештин комитети Кыргыз-Түрк өкмөтүнүн ортосундагы социалдык камсыздоо келишими тууралуу мыйзам долбоору жактырылды

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргыз мамлекети менен Түркия өкмөтүнүн ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.

Келишимге ылайык, эки өлкө өз аймактарында расмий түрдө иштеген эмгек мигранттарынын эмгек стажысын таанып, пенсия төлөй баштайт.

"Мисалы, Кыргыз жараны Түркияда 15 жыл иштесе, курагы жеткенде пенсия ала баштайт. Түркияда орточо пенсиянын өлчөмү 350 долларды түзөт. Иштеген адамдар пенсиялык фондго эмгек акысынын 23 пайызын которуп турат. Пенсияга чыгуу курагы эркектер үчүн – 60 жаш, аялдар үчүн – 58 жаш", - деди Социалдык фонддун өкүлү.

Ушул тапта Түркияда 14 миӊ 500 Кыргыз жараны иштесе, Кыргыз мамлекетинде 5 миӊ 300 Түрк жараны иштейт. Келишим ратификацияланып калса, Кыргыз өлкөсү Түркияга жылына 10 миллион сом которуп турууга тийиш.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан