Бүгүн, 5-декабрда парламентте "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маселе талкууланат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, жыйындын күн тартиби боюнча 11 маселе каралат. “Жарандардын репродуктивдүү укуктары жана аларды ишке ашыруу кепилдиги жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору, “Үрөнчүлүктө мамлекеттик дотациялоо жөнүндө” мыйзам долбоору, “Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору жана башка маселелер талкууланат.