Депутат "Ачык асман" долбоорун киргизүү менен ички каттамга жолтоо болбоо керектигин айтты

Кечээ, 4-декабрда Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында “Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды. Мыйзам “Ачык асман” долбоорун ишке ашырууга шарт түзөт.

Бардык учактарга Кыргыз мамлекетинин аба мейкиндиги аркылуу эркин каттоосуна мүмкүнчүлүк берилет. Ал үчүн Аба кодексине "аба эркиндигинин 5-даражасын" киргизүү зарыл.

Ал эми талкууда депутат Улугбек Ормонов долбоорго каршы пикирин билдирди. Эл өкүлү мыйзам демилгечилер айткандай иштеп кетсе гана жакшы деп эсептейт. Анын жыйынтыгы 6 айда эле билинип каларын эл өкүлү кошумчалады.

"Албетте, демилгечилер Кыргыз мамлекетине туристтер көп келсин, авиациянын абалы оңолот деген ой менен мыйзамды киргизип жатат. Буга чейин биринчи жана экинчи окууда мыйзам кабыл алынгандан кийинки коркунучтарды айттым. Анткени ички каттамдарга такыр жолтоо болбошубуз керек. Алгач өзүбүздүн авиацияны колдоо боюнча мыйзамды кабыл алсак дедик. Кайсы өлкөдө аталган долбоор кантип кабыл алынганын жакшы билебиз. Эгерде мыйзам авторлор айткандай иштеп кетсе абдан жакшы болот. Муну убакыт көрсөтөт. Ошондуктан мыйзам боюнча өзүмдүн оюм бар. Күтө туралы, жыйынтык 6 айдын ичинде билинет", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
AIA-TOO
2018-12-05 12:16:31
Саткын соттор силерде меерим деген сезимдер өлүп эле калган жүрөгүңөр муздап, акча дегенде эки көзүңөр төрт болуп. Сатып алган кишида аял заттын акылсыздуулугунан пайдаланып кетиптир.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан