ЭЛДИК КАБАР: "Бишкектин Төмөнкү Жал кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн бирине кечээтен бери жылуулук берилбей жатат" дейт окурман

Бишкектин Төмөнкү Жал кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн бирине кечээ, 4-декабрдан бери жылуулук берилбей жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына аталган кичи райондун тургуну билдирди.

Анын айтымында, жылуулук берүү кечээ түшкө жуук токтотулган.

"Төмөнкү Жал кичи районунун 68-үйүндө турабыз. Кечээ түшкү саат 12:00 чамасында жарык өчкөн. Жарык менен кошо жылуулук берүү да токтоп калды. Кечке жуук жарык күйгөн. Жылуулук батареялары бир аз жылып баштап, кайра токтоп калган. Азыр деле абал ошол бойдон", - деди шаар тургуну.

Жаралган көйгөй боюнча маалымат дагы толукталат.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан