Ырчы Асел Кадырбекова “Сага айтайын” аттуу ырына клип тарттырды. Ырдын сөзү Алтынбек Алымовдуку болсо, обону Нурлан Насипке таандык. Ырчы айым билдиргендей, клипти Эрнист Сыдыков тарткан. “Клип Бишкекте тартылды, башкы ролду “тамашоучу” Азамат Исмаилов экөөбүз ойнодук. Анда кыздын кыялындагы нерселерди бала билбей жүрө берет, бирок акырында бала кызга баш кошуу сунушун билдирет. Клипти тартууга 3 күн кетти, эч кандай оорчулук деле болгон жок”,- дейт ырчы.