Кыш келерде үйүн 60 миң сомго саткан тургун: "Сот чечими күчүнө кирип, эки кызымды алып үйдөн чыгып кеттим"

Буга чейин Токмок шаарынын 52 жаштагы тургуну Фарида Раимова 1 бөлмөлүү үйүн Улан Байкабылов аттуу жаранга 60 миң сомго сатып жиберип мектеп курагындагы эки кызы менен барарга жер таппай жатканын айтып SUPER.KG'ге кайрылган. Үйдү бошотуп берүү боюнча сот чечими 1-декабрда күчүнө кирип, Раимова эки кызы менен үйдөн чыгып кеткенин 5-декабрда кабарлады.

"Токмок шаардык сотунун чечими күчүнө кирип, 2-декабрда сатып жиберген үйүбүздү Байкабыловго бошотуп бердик. Бошотуп бербөөгө аргам жок болуп калды. Анткени облустук сотко даттанайын десем, менде жетиштүү документтерим жок экен. Адвокаттар да кандай учур болбосун утулуп кала турганымды айтышты. Ошондуктан Байкабылов менен кайрадан сүйлөшүп, ал колума 20 миң сом берди. Ал акчага башка жайдан ижарага батир алдык. Азыр ошол жакта жолдошум жана эки кызым менен бирге жашап жатабыз. Бирок өзүм жакында Түркияга иштөөгө кетип жатам", - деди Раимова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Parish
2018-12-05 12:14:29
60 мин сомго саткыдай эмне тоок кана бекен.
+9
AIA-TOO
2018-12-05 12:18:08
Соттордо меерим деген сезимдер өлүп эле калган, акча дегенде эки көзүңөр төрт болуп жүрөгүңөр муздап. Сатып алган кишида аял заттын акылсыздуулугунан пайдаланып кетиптир.
+7
Tolkun555
2018-12-05 15:24:05
Эми мындан ары ишинизге Аллах озу ийгилик берсин.ден соолугунуз саламат болсун.насип кылса ишиниздер журушуп кетсе дагы уйлуу болуп каласыздар.
+5
Nurkyz1977
2018-12-05 17:03:24
Тушунуксуз толук маалымат алып анан жазсанар. Кандайча 60000сомго уй сатылат себеп эмне?
+2
Snejana
2018-12-05 19:10:52
Nurkyz1977,"кайрылган" деген кок ссылканы басып окугула, тушуносунор.
0
aidinaernur
2018-12-06 00:11:29
Бул го жат эле адам экен
Менин байкемди алдап озубуздун эле тууган 60 мин сомго сатып алган
Торт сотых жер, торт комнат уй, агылы менен.
Документке кол койдуруп алган бутту
+2
Goodyer
2018-12-06 20:05:18
Токмоктон уй алыш керек экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан