Бүгүн, 5-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралды.
Талкууда КСДП фракциясынан депутат Чыныбай Турсунбеков социалдык камсыздандыруу төлөмүн 15 пайызга түшүрүү керектигин сунуштады.
"Жаштардын басымдуу бөлүгү айлык акысынын көбү социалдык камсыздандыруу төлөмүнө кармалып калып жатканын айтып, нааразы болушууда. 15 пайызга түшүрсө жеңил болмок. 8 миң сом айлык алгандар кантип жан багат?" - дейт депутат.
Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева бул маселе каралып жатканын айтып, биринчи жылдары бюджеттен жоготуу боло турганын билдирди.
Эл өкүлү социалдык камсыздандыруунун пайызын азайтуу боюнча 10-15 жылдан бери каралып жатканын кошумчалады.
"Социалдык фонд, силер бул камсыздандыруу төлөмүн азайтууну 10 жылдан бери карап жатасыңар. Чечкиндүү кадамдарга барбайсыңарбы? Ошондо жыйынтыгын көрөсүңөр", - дейт Турсунбеков.