Бүгүн, 5-декабрда парламент жыйынында “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө” мыйзам долбоору каралды.
Пенсия курактагы жаран каза болуп калган учурда анын пенсиясынын топтомо бөлүгү мураскерине төлөнүп берилет. Ал үчүн мураскер экенин далилдеген документ талап кылынат. Бул тууралуу социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнара Жуматаева билдирди.
"Пенсиянын топтомо бөлүгү 2010-жылдан бери иштей баштаган. Ал өзүнчө мыйзамдын негизинде төлөнүп берилет. Эгер расмий мекемеде иштебесе, топтомо бөлүгү жок болушу ыктымал. Айылда жер иштетип, жеке ишкерлик менен алектенсе, алардын топтомо бөлүгү болбойт. Быйыл 1-ноябрга чейин 108 миң адам пенсиянын топтомо бөлүгүн алды", - деди ал.
Эл өкүлдөрү пенсияга чыгып, бирок аны албай көзү өтүп кеткендер көп экенин айтышты.
Учурда Кыргыз мамлекетинде 648 миң пенсионер бар. Мындан тышкары мамлекеттик бюджеттен 21 миң аскер кызматкери пенсия алат. Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, Кыргыз өлкөсүндө орточо пенсиянын өлчөмү 5 миң 401 сом болсо, орточо айлык 15 миң 700 сом. Жыл сайын 40-45 миң адам пенсияга чыгат.