Бүгүн, 5-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөт 2019-жылдын октябрь айында пенсияны көбөйтүү пландалып жатканын Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнара Жуматаева билдирди.
Анын айтымында, ушул жылдын 1-октябрынан тартып орточо пенсиянын өлчөмү 378 сомго көбөйүп, 5 миң 682 сомду түзгөн. Ошол эле учурда пенсиянын камсыздандырылган бөлүгү орточо эсеп менен 10,4 пайызга жогорулаган.
"2019-жылы пенсияны көбөйтүүгө 660 миллион сомго чукул каражат бөлүү каралган. Ал сумманы дагы көбөйтүү пландалууда", - деди Жуматаева.
Учурда Кыргыз мамлекетинде жалпы 648 миң пенсионер бар. Пенсиянын орточо өлчөмү 5 миң 401 сомду түзөт. Эмгек стажы 1-2 жыл болгондордун пенсиясы миң сомго жетпейт.
Депутаттар айлыктын бир бөлүгүн көмүскө алган учурларды ачыкка чыгарууну сунушташты. Көмүскө айлык алгандардын кийинки пенсиясы аз өлчөмдө болуп каларын айтып, тиешелүү өкмөт мүчөлөрү иш алып барууну талап кылышты.
Социалдык фонд бул багытта жумушчу топ иштеп жатканын кошумчалады.