Бүгүн, 5-декабрда парламент жыйынында “Үрөнчүлүктө мамлекеттик дотациялоо жөнүндө” мыйзамдын долбоору талкууланды.
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев жыл сайын үрөнчүлүктө дотация боло турганын айтты.
"Аталган министрлик жыл сайын артыкчылыктуу чарба өсүмдүктөрүнүн бардык үрөнүнүн өлчөмү 482 миллион сом болот деп эсептеди. Акыркы 3-5 жылдын ичинде дыйкандардын 80 пайызы сертификациядан өткөн үрөн алышууда", - деди министр.
Талкуу учурунда "Республика-Ата-Журт" фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев эмне себептен сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда төө буурчак тууралуу сөз болбогонун сурады.
"Талас облусунун дыйкандары төө буурчак менен жан багат. Эмнеге төө буурчак боюнча сөз кылбайсыңар? Бир дагы төө буурчак үрөн чарбасы жок. Айыл чарба министрлиги эмне иш кылып, каякты карап жатасыңар?" - дейт эл өкүлү.
Нурбек Мурашев бул жылы буудай, арпанын үрөндөрүнө басым жасалганын, кийинки жылдары башка айыл чарба өсүмдүктөрүнө көңүл бурула турганын билдирди.