Бүгүн, 5-декабрда Бишкек шаарындагы Бириккен улуттар уюмунун имаратынын алдында кытайлык кыргыздарды колдоо митинги өттү. Митингге Кытайдагы "кыйноого кабылды" делген этникалык кыргыздардын абалын билип, тиешелүү чечимдерди кабыл алуусун талап кылган коомдук уюмдардын мүчөлөрү жана жарандык активисттер катышты.
Митингдин катышуучуларынын бири Адилет Али Мыктыбек SUPER.KG порталына кытайлык кыргыз, казак, уйгур улуттарынын өкүлдөрү саясий лагерлерде кордук көрүп жатканына эл аралык уюм көңүл буруп, саясий баа берүүсү керектигин белгиледи.
"Кытайлык кыргыздарды саясий тарбиялоочу лагерлерге алып кетишип, ар кандай кыйноолордун түрүн көрсөтүшөт экен. Буга байланыштуу бийлик тарабынан тиешелүү реакция болбогондуктан, кытай бийлигине расмий нота жиберилбегени үчүн жарандык активисттер кытайлык боордошторубузга тилектештигибизди билдирүү үчүн келдик. Кытай элчилигинин алдына барсак, ал жактан майнап чыкпашын билип, адам укуктарынын кепилдиги болгон Бириккен улуттар уюмунун имаратына келдик. Эл аралык уюм Кытайда болуп жаткан окуяларга көңүл буруп, саясий баа бериши керек", - деди жарандык активист.
Митингдин соңунда катышуучулардан 5 кишини БУУнун Кыргыз өлкөсүндөгү туруктуу координаторунун милдетин аткаруучу Юкиэ Мокуо кабыл алып, алардын пикирин укту.