"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Бишкек жылуулук электр тармагы: "Төмөнкү Жал кичи районундагы үйгө жылуулук бир сааттын ичинде берилет"

"ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына Бишкектин Төмөнкү Жал кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 1 күндөн бери жылуулук берилбей жаткандыгы тууралуу кабар келген.

Аталган маалыматты жиберген окурман жылуулук берүү кечээ түшкө маал токтотулганын белгилеген.

"Төмөнкү Жал кичи районунун 68-үйүндө турабыз. Кечээ түшкү саат 12:00 чамасында жарык өчкөн. Жарык менен кошо жылуулук берүү да токтоп калды. Кечке жуук жарык күйгөн. Жылуулук батареялары бир аз жылып баштап, кайра токтоп калган. Азыр деле абал ошол бойдон", - деди шаар тургуну.

Бул тууралуу "Бишкек жылуулук электр тармагы" коммуналдык ишканасынын кызматкери жылуулук берүү сууну үйгө таратуучу мотор бузулуп калгандыктан токтоп калганын билдирди.

"Борбордук жылуулук системине кошулуп жаткан үйлөр көп болгондуктан ысык сууну берүүгө борбордук системдин кубаты жетпей калат. Буга байланыштуу айрым көп кабаттуу үйлөргө сууну толук таратып берүүчү кошумча электр моторлору коюлган. Бул үйгө коюлган мотор бузулуп калгандыктан жылуулук токтоп калган. Азыр оңдоп жатабыз. Оңдоо иштери бир сааттын ичине бүтүп, жылуулук берүү калыбына келтирилет", - деди коммуналдык ишкананын кызматкери.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан