Азербайжандын Баку шаарындагы Гейдар Алиев атындагы аэропортунан Мамлекеттик Бажы кызматынын мурдагы башчысы Адамкул Жунусов кармалганы айтылууда. Маалыматты Азербайжандын жергиликтүү маалымат агенттиктери жазды. Ал эми бул маалыматты Кыргыз өлкөсүнүн УКМК жана Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан тастыкташа элек.
Адамкул Жунусов Кыргыз өлкөсүнүн укук коргоо органдары тарабынан Интерпол эл аралык издөө уюму аркылуу изделип жаткан. Ага ушул жылдын август айында издөө жарыяланган.
Жунусовго 304-берене (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча айып тагылып, анын өлкө казынасына 166 миллион сомдон ашык зыян келтиргени аныкталган.
Адамкул Жунусов өлкөнүн Бажы кызматынын төрагасы болуп 2013-2016-жылдары иштеген. 2016-жылы 20-апрелде Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен кызматынан бошотулган.
Каржы полициясынын билдиришинче, ушул жылдын 28-августунда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан Адамкул Жунусовду камакка алуу чарасы тандалып, ага издөө жарыяланган.