Кытайда кордук көргөн жарандардын маселесин чечүү боюнча аткарылуучу кадамдар кийинки аптада аныкталат. Бул тууралуу журналисттерге Бириккен улуттар уюмунун Кыргыз өлкөсүндөгү туруктуу координаторунун милдетин аткаруучу Юкиэ Мокуо билдирди.
"Бүгүн, 5-декабрда мен бул делегациянын өкүлдөрү менен жолугуп, кырдаал боюнча алардын маалыматын алдым. Кыргыз өлкөсүндөгү координаторлуктун атынан айта кетсем, биз бул маалыматтарды Бириккен улуттар уюмунун ичиндеги маалыматтар менен салыштырып көрүп, ошого жараша жакшылап изилдейбиз.
Мен азыр туруктуу координатордун милдетин аткарып жатам. Кийинки аптада биздин туруктуу координатор өлкөгө кайтып келет. Ал келгенден кийин айтылган маалыматтарды кандай жол менен БУУнун Нью-Йорктогу кеңсесине жеткирерибизди талкуулайбыз. Бириккен улуттар уюмунун негизги максаты элдин үнүн угуу жана тиешелүү жерге жеткирүү болуп саналат", - деди Юкиэ Мокуо.