Бишкекте белгисиз адамдар көп кабаттуу үйдүн короосунда токтоп турган бир нече унаанын айнектерин талкалап кетишти

Борбор калаада белгисиз адамдар көп кабаттуу үйлөрдүн биринин короосунда токтоп турган унаалардын айнектерин талкалап кетти. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинен тастыкташты.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн таңкы саат 05:00-06:00 аралыгында борбордогу Байтик баатыр жана Кулатов көчөлөрүнүн аймагындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин короосунда орун алган. Анда белгисиз адамдар токтоп турган бир нече унаанын айнектерин таш менен талкалап кеткен.

"Бүгүн милицияга аталган даректе жашаган шаар тургуну кайрылды. Ал жазган арызында белгисиз адам анын унаасынын айнегин таш менен талкалап кеткенин билдирип, ага чара көрүүнү өтүнгөн. Учурда кылмыш ишин козгоо маселеси каралууда. Бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө", - деп билдиришти Бишкек ШИИББинен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
aidinaernur
2018-12-05 18:14:07
Пайдан тийбесе зыянынды да тийгизбе
+11
Samar90
2018-12-05 18:23:50
Мадыра баштар кылат
+6
rysik79
2018-12-05 22:15:04
Тойота Фун-Карго окшойт.
-1
trabzon11
2018-12-06 11:32:52
Очошуп калгандар кылганго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан