Чаткал районундагы алтын казган "Эти Бакыр Терек-Cай" ишканасы өз ишин убактылуу токтотту. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Тоо-кенчилердин кесиптик бирикмесинин жетекчиси Элдар Тажибаев билдирди. Анын айтымында, мындай чечим ишкана жетекчилиги тарабынан азыркы кырдаалга байланыштуу 4-декабрда кабыл алынды.
"Ишкана азыркы абалга байланыштуу өз ишин убактылуу токтотууну чечти. Кайсы убакытта өз ишин баштай турганы азырынча белгисиз. Бул бир жагынан аргасыздык болуп калды. Бирок бул компанияда 400гө жакын жергиликтүү тургундар иштейт жана социалдык пакеттин негизинде жергиликтүү бюджетке жылына 15 миллион сом төлөнүп келет. Фабрика курулуп бүтүп өз ишин баштагандан кийин бул сумма 20 миллион сомго көтөрүлөт. Андан сырткары компанияда "Кыргызалтын" мамлекеттик ишканасынын 25 пайыз үлүшү бар. Ошондуктан мамлекеттик органдар баарын тактап, инвесторлорго шарт түзүп бериши керек", - деди Тажибаев.
Буга чейин белгилүү болгондой, Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунун Терек-Сай айылында 5-ноябрда кенге байланыштуу нааразычылык жаралып, кенди кайтарган атайын даярдыктагы отрядынын 3 кызматкери жабыркаган. Анда жергиликтүү тургундардын бири кайтарылган ишкананын аймагына кирип кеткен. Ал ишкананын аймагынан чыгарылып, бирок арадан көп убакыт өтпөй ал 10дон ашуун айылдашын ээрчитип келип уруш чыгарышкан.
ИИМдин билдирген маалыматына таянсак, жергиликтүү тургундар 3 кызматкерди таш бараңга алып, алар ар түрдүү жаракаттарды алышкан. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 234-берене (бейбаштык) жана 341-берене (бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү) менен кылмыш иштери козголгон. Кечээ, 2-декабрда окуяга катыштыгы бар Терек-Сай айылынын 14 тургуну суракка алынып, Жазык-процесстик кодексинин 94-беренесинин негизинде 48 саатка камакка алынган.