Кечээ, 5-декабрда Жогорку Кеӊеште "Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө" мыйзам долбоору каралды.
Фонддун башчысы Марат Калиевдин айтымында, буга чейин аталган фонд 2018-жылга карата бюджети кирешелер жана чыгашалар боюнча 14 миллиард 230 миллион сом көлөмүндө бекитилгенин эске салды. Азыр ал көрсөткүчтү өкмөттүн жана Жогорку Кеӊештин жыл ичиндеги чечимдеринин негизинде өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы келип чыкканын билдирди.
"Фонд 2018-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгүнүн мурда бекитилген көрсөткүчү 846 миллион сомго жогорулайт. Ал эми анын чыгаша бөлүгүнүн мурда бекитилген көрсөткүчү 371 миллион сомго жогорулайт”, - деди Марат Калиев.
Бир катар депутаттар Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду Каржы министрлигинен алган ири каражатты саламаттыкты сактоо мекемелерине бөлүштүргөндөн башка иши жок экенин айтышты. Алардын пикиринде, мындай ашыкча түзүмдөрдү жоюп салуу керек.
Ал эми саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев фонд саламаттыкты сактоо тармагын реформалоо алкагында түзүлүп, мыйзам чегинде иш алып барып жатканын, мындай мекемелер өнүккөн өлкөлөрдүн көбүндө бар экенин белгиледи.