Бүгүн кечинде Бишкек I — Бишкек II станциясынын темир жол өткөрмөсү жабылат

Бүгүн, 6-декабрда Бишкек I — Бишкек II станциясынын темир жол өткөрмөсү саат 21:00дөн 24:00гө чейин жабылат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, поезд жана унаа каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Бишкек I — Бишкек II темир жол каттамынын 3 миң 778-чакырымындагы темир жолду оңдоо иштери жүргүзүлөт. Асаналиев жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде оңдоо иштери болот.

"Аталган аймакта транспорт каттамы жабылат жана Бишкек шаардык жол коопсуздугу башкармалыгы тарабынан көзөмөлдөнүп турат. Жүргүнчүлөрдөн келтирилген ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууну суранабыз", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан