"Президент "2018-жыл - Аймактарды өнүктүрүү жылы" деп жарыялады. Мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары жыл мыктыларын аныктоодо ушуга көңүл бурушсун". Мындай пикирин депутат Абдывахап Нурбаев парламент жыйынында ар кандай маселелер каралып жатканда билдирди.
Анын айтымында, учурда "Жыл мыктысы" деген наам чиновниктерден артпай жатат.
"Мыкты" деген наамга элди жумуш менен камсыз кылган адамдарды, мугалимдерди, дарыгерлерди, ишкерлерди көрсөтсөк. Бизде болсо министрлер же министрдин орун басарлары "мыкты" деп наам алып, гезиттерге чыгып жүрөт. Мамлекеттик телеканалдар буга көңүл бурсун. Жөнөкөй адамдарга "мыкты" деген наамды берип, жаштарга үлгү көрсөтөлү", - деди ал.