Эл аралык "Манас" аэропортунда калың туманга байланыштуу айрым каттамдар кармалууда. Бул тууралуу SUPER.KG`ге аэропорттун басма сөз кызматкери Алия Курбанова кабарлады.
Анын айтымында, калың туман саат 7:30дан бери байкалып жатат.
"Учурда аэропорт иштеп жатат. Бирок учуу же конуу боюнча чечимди ар бир учактын командири кабыл алууда.
Калың туман 7:30дан бери байкалып, бат-баттан тарап, кайра каптап жатат. Буга чейин Ош, Ростов-на-Дону, Стамбул жана Иркутск шаарларына багыт алган учактар кармалган. Эң көп кармалган каттам Бишкек-Иркутск каттамы 2 саат кечигип учту. Учуу-конуулардын жадыбалы менен аэропорттун расмий сайтынан таанышууга мүмкүн", - деди Алия Курбанова.