"Ак кеме" фильминде Нургазынын ролун жараткан актёр Нургазы Садыгалиевге мамлекеттик сыйлык берүү сунушталды

Бүгүн, 6-декабрда Жогорку Кеңеште ар кандай маселелер каралып жатканда депутат Бактыбек Райымкулов улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармасы боюнча Болот Шамшиев тарткан "Ак кеме" фильминде Нургазынын ролун жараткан Нургазы Садыгалиев мамлекеттен бир да сыйлык албаганын айтып чыкты.

Депутаттын айтымында, быйыл Айтматовдун 90 жылдыгына карата актёр Нургазы Садыгалиевге сыйлык берүү керектигин сунуштады.

"Алты жашында "Ак кемеге” тартылып, аны жогорку деңгээлде аткарган актёрго мамлекет тарабынан бир дагы сыйлык берилбептир. Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында сыйлык берүүнү сунуш кылам", - деди эл өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
surgeon777
2018-12-06 11:20:20
Туура,бериш керек!Каяктагы токолдорго наамдарды алып берип атканда Садыгалиев каякта калыптыр,ушундай таланттуу,Кыргыз элине эмгеги синген инсандар алыш керек!
+14
Shabi
2018-12-06 12:44:36
Ал бетте бериш керек.Ак Кеме киносун эстегенде соссуз Нургазы коз алдына келет.эн мыкты денгээлде аткарган
+8
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан