"Улуттук коопсуздукка коркунуч жаратат". Тазабек Икрамов Кыргыз жарандыгын алган чет өлкөлүктөр көбөйүп кеткенин айтты

"Кыргыз жарандыгын алган чет өлкөлүктөр көбөйүп кетти. Бул акыркы 20 жылдыкта улуттук коопсуздукка коркунуч жаратат". Мындай пикирин депутат Тазабек Икрамов парламент жыйынында билдирди.

Эл өкүлү жарандык берүүдө коррупциялык систем бар экенин кошумчалады. Ошондой эле башка улуттун өкүлдөрү кыргыз кыздарына көп үйлөнүп жатканын айтты.

"Мадина" базарында, "Ош" базарында чет өлкөлүк жарандар көп иштеп жатат. Миграция кызматы чет элдик жарандардын иштешине шарт түзүп берип койгон. Кыргыз жарандыгын алгысы келген чет өлкөлүктөргө 3 миллиондон ашык инвестиция алып келүү шартын коюш керек. Бул тажрыйба башка өлкөлөрдө ишке ашып келет. Улуу Британия, Түркия бул ыкманы кыйыр жана түз мааниде эле иштетип жатат. Акыркы 5 жылда канча чет өлкөлүк Кыргыз паспортун алгандыгын тактап, кандай шартта берилгени аныкталсын. Муну протоколдук негизде тапшырма берүүнү сунуштайм", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
asman.81
2018-12-06 10:49:20
Ойгоно баштадынарбы ?
+2
BekAmir
2018-12-06 14:28:06
Азамат, тууптуура
0
Asat17
2018-12-06 15:06:50
Тууура
0
Moskva.kg
2018-12-09 19:45:17
100%колдойм ушул маселени карап койгула
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан