Алай районунда жарандык абалды мамлекеттик каттоонун (ЗАГС) имараты кошумча шарттарга муктаж. Мындай пикирин бүгүн, 6-декабрда парламенттик жыйында депутат Улан Примов билдирди.
Ал аталган райондогу мекеме элди кабыл ала албайт дейт.
"Нике күбөлүгүн алуу үчүн жергиликтүү тургундар шаарга келишүүдө. Шаарда кезек күтүп, 2-3 күн убактылары кетип жатат. Бул имаратты калыбына келтирип, муктаждыгын чечип берүүгө өкмөт тараптан колдоо керек. Бул маселени чечүүгө чаралар көрүлсүн", - деп билгиледи депутат.