Рыскелди Момбеков: "Бишкектиктер "кыштан чыгабызбы же ыштан чыгабызбы" деп отурушат"

Депутат Рыскелди Момбеков Жогорку Кеңештин 6-декабрдагы жыйынында Бишкектин абасы начарлап кеткенин айтып чыкты. Мындай маселени ал ар кандай маселелер каралып жатканда көтөрдү.

Эл өкүлү Бишкек жылуулук электр борборуна жана башка жылытуучу мекемелерге көмүрдүн сапаттуусун колдонуу керектигин белгиледи.

“Азыр жарандарга "Безопасный город" эмес, "Бездымный город" керек. Бишкектиктер "кыштан чыгабызбы же ыштан чыгабызбы" деп отурушат. Учурда Бишкек таза адамга эмес, таза абага зар болуп турат", - деди Момбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
eddi.
2018-12-06 11:20:32
Кыштан гоо чыгабыз буйруса,ыштан кантип чыгаар экенбиз көө болуп бүттүк го
+5
Kuba-savai87
2018-12-06 19:51:13
Момбековдун уйкаштырып, таамай суйлогону жагат да
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан