Жусуп Абдрахмановго "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамын берүү демилгеленди

Бүгүн, 6-декабрда парламенттик жыйында ар кандай маселелер каралып жаткан учурда депутат Максат Сабиров Совет доорунда репрессияланган мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановго "Кыргыз Республикасынын Баатыры" деген наам берүү демилгесин көтөрдү.

Эл өкүлүнүн айтымында, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшү жана чыңдалышына зор салым кошкон ишмер мындай бийик наамга татыктуу экенин айтты.

"Жусуп Абдрахмановго бийик наам берүүдөн сырткары анын ысымын Бишкектеги райондордун бирине жана президенттин алдындагы Башкаруу академиясына ыйгаруу зарыл", - деп белгиледи депутат.

Жусуп Абдрахманов 1937-жылы контрреволюциячыл "Алаш-Ордо" уюмунун катышуучусу деген жалган жалаа менен камалып, 1938-жылы 5-ноябрда атылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан