Бүгүн, 6-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында “Кыргыз Республикасынын Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланып, акыркы үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Эгер мыйзам кабыл алынса, документ президенттин кол коюусуна жөнөтүлөт.
Аталган долбоор "Ачык асман" деп аталып, максаты бардык учактардын Кыргыз мамлекетинин аба мейкиндиги аркылуу каттоосуна мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү болуп саналат.
Мыйзам долбоорун КСДП фракциясынын депутаты Абдывахап Нурбаев демилгелеп, өкмөт менен чогуу иштеп чыккан. Долбоор ишке кирген 6 айдан кийин жыйынтыгын берери айтылган.
"Ачык асман” - бул чет элдик авикомпаниялар өз өлкөсүнөн Кыргыз мамлекетине учуп келип, транзит катары конуп, жүк таштап же жүктөп, жүргүнчү алып же таштап, май куюп, кайра үчүнчү өлкөгө учууга укук берген саясат. Аны Кыргыз өлкөсү 2003-жылдан бери ишке ашыра албай келет. Эксперттердин айтымында, "Ачык асман" ишке ашса, ички жана сырткы аба каттамдарынын билеттери арзандап, тейлөө жакшырат. Бирок бул ата мекендик авиакомпанияларды банкротко учуратат. Мындан улам учурда Кыргыздын аба мейкиндиги депутаттар жана жергиликтүү авиакомпаниялар ортосунда талашка түштү.