Нарын облусунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Нарын облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигин Сейсмология институтунун маалыматына таянып кабарлады.

Маалым болгондой, жер титирөө 6-декабрь күнү саат 11:05те Ак-Талаа районунда катталып, күчү очогунда 4,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Ак-Талаа районунун Терек, Кара-Булак, Орто-Сырт айылдарында 3,5 баллга, Ак-Чий, Баетов айылдарында 3 баллга жана Байгөнчөк айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
admin_superstan
2018-12-06 14:26:57
kochkor.siti, аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан