Кытай өлкөсү Кыргыз жарандары үчүн кайрадан жеке туристтик виза бере баштады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.
"Кыргыз өлкөсүндөгү Кытай элчилигинин консулдук бөлүмү Кыргыз жарандарына кайрадан виза берип баштады. Азыркы учурда L - категориясындагы жеке туристтик виза берилип жатат.
Кабыл алууга жазылуу элчиликтин расмий сайты аркылуу жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 2017-жылдын башынан тартып Кытай элчилиги Кыргыз жарандарына жеке туристтик виза берүүнү токтоткон.