Депутат бажы кызматынын төрагасынын орун басарына: "Силер ишкерлерди алдын ала бажы төлөмүн төлөп койгула деп жатыптырсыңар"

"Бажы кызматы, ишкерлерди алдын ала бажы төлөмүн төлөп койгула деп жатыптырсыңар". Мындай маалыматты депутат Айсулуу Мамашова парламент жыйынында билдирди.

Эл өкүлү бажы кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Ражабалиевге аталган мекемеге карата нааразычылыктар көп экенин айтты. Мамашова бажы төлөмдөрү канча чогултулганына кызыкты.

Нурлан Ражабалиев: "Бажы кызматы ушул жылы 37 миллиард 737 миллион сом топтоду. Бул былтыркыга салыштырмалуу 6 миллиард сомго аз. Пландалган чекке салыштырмалуу да аз болуп жатат. Буга сырткы факторлор себеп болууда".

Айсулуу Мамашова: "Силер ишкерлерден алдын ала бажы төлөмдөрүн төлөтүп жатасыңар. Үстүңөрдөн бизге нааразычылыктар түшүп жатат. Мындай практика Салык кызматында бар".

Нурлан Ражабалиев: "Алдын ала төлөмдөр бар. Бирок биз "мүмкүнчүлүк болсо бергиле" деп сурашыбыз мүмкүн. Бизди жазалоочу орган катары көрбөгүлө".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан