Рыскелди Момбеков: "Өзгөчө кырдаал киргизилбеген соң атайын полк Терек-Сайга эмнеге барды?"

"Өзгөчө кырдаал киргизилбеген соң атайын полк Терек-Сайга эмнеге барды?" Мындай суроо менен депутат Рыскелди Момбеков парламент жыйынында ички иштер министринин орун басары Курсан Асановго кайрылды.

Эл өкүлү ИИМ бул кадамы менен элди коркутту деген пикирде. "Эмнеге түрктөрдүн фирмасына пост коюп бердиңер? Бул маселени бастырыш үчүн жөнөкөй аймактык милицияны жөнөтсөңөр болбойт беле?" - деди Момбеков.

"Кыргызалтын" мекемесинин башчысы инвестор министрден иштегенге шарт түзүп бергиле деп суранганын айтты. Ал эми Курсан Асанов милиция кызматкерлерин жарандар ургандыгы үчүн кошумча күч тартылганын билдирди.

Учурда парламентте Терек-Сайдагы кенге байланыштуу чыр боюнча маалымат угулууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Kapriz
2018-12-06 15:56:15
Р.Момбеков курч суроолорду берет, азамат!!!
Окунучтуу аягына чыкпайт
+7
Koichuman
2018-12-06 17:29:51
Р.Момбеков Ж.Акаев элдин кызыкчылыгын ойлогон чыныгы депуттатар бар эле болушсун!
+4
didu
2018-12-06 18:06:59
Жапаров менен Текебаевтин жоктугу билинип жатат азыр
-1
Saadanbek
2018-12-06 18:46:49
Текебаев эчнерсе кылалбайт, канча жылдан бери бийликте жургон элге бир пайдасы тийе турган иш кылдыбы?албетте кылган жок. 2010-жылы президент болууга ото чон мумкумкун чулугу бар эле ашага берип койду
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан