Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Жийде айылынын 52 жаштагы тургуну, учурда Бишкек шаарында жашап жаткан Раат Айтматова 6 ай мурун боордун циррозу илдети менен ооруп калган. 25 жыл мугалим болуп иштеген Айтматова 17 жаштагы уулун жалгыз тарбиялайт. Азыркы тапта оорусуна байланыштуу иштебейт. Күнүмдүк тамак-ашка, дарыланууга акча таппай жатканын айтып, Раат Айтматова ушул жылдын апрель айында SUPER.KG порталы аркылуу жардам сурап кайрылган.
Ноябрь айында Раат Айтматова ага жардамга чогулган акчанын жарымын кошуна катары тааныш болгон Азия, Элиза аттуу кыздарга карызга берип, кайра ала албай жатканын айтып, порталга кайрылды. Биз окуянын чын-төгүнүн билүү үчүн эки тараптын тең оюн угуп көрдүк.
Раат Айтматованын айтымында, Азия аттуу кызга 150 миң сом, ал эми Элиза деген аялга 50 миң сом акчасын карызга берген.
"Боорумдан рак экенимди билгенден кийин 17 жаштагы уулумдун келечегин бир аз да болсо түптөп берейин деген ойлор менен жашап калдым. Оорум күчөгөндө дарыланууга жардам сурап, сиздердин порталга кайрылгам. Элден мага 100 миң сомдон ашык акча чогулду. Чогулган акча менен төрт жолу онкологиялык ооруканада дарыланып чыктым. Бирок абалым начарлаганы гана болбосо, жакшы жылыш болгон жок. Ошентип үйдөн чыкпай жатып калдым. Ойлогонум эле балам. Мен "артты карап кетсем" көчөдө калбасын деп университетке дагы тапшырттым. Азыр юридикалык факультетте экинчи курста окуп жатат. Окуудан кийин базардагы кафелердин биринде официант болуп иштейт. Анын тапкан акчасы тамак-ашыбыздан артпайт.
Оорум күчөгөнгө чейин базарда тамак-аш сатып иштеп топтогон бир аз акчам бар эле. Ошол каражатка баламдын келечегине жарай турган бизнес баштап берсем деп ойлонуп жаткам. Себеби көзүм өтсө баламды аманат катары таштай турган эч кимим жок да. Ушундай ойлор менен жашап жүргөн убакта кошунам Азия "эже сиз иштей албай калдыңыз, колуңуздагы акчаны алып, дүкөн ачалы, балаңыз да иштейт, ал дагы үйрөнөт, акча айланган соң, сизге кайтарып берем" деп калды. Анда июнь айы болчу.
Балам базарда, суукта иштегенден көрө ушул жакта иштесин, үйгө дагы жакын деп ойлондум. Анын үстүнө кошунам эмеспи деп ишендим. Ошентип Азияга биринчисинде 20 миң сом, кийин 70 миң сом берип, жалпы 150 миң сом карызга алган. Көп сумма болгондон кийин ага аздан болсо дагы берип кутула бер деп айтып жаттым. Ал дүкөн ачты, бирок бир айга жетпей жабылды. Ошону менен ар кайсы шылтоону айтып, акчамды бербей келе жатат. Мен ага катуу сүйлөгөн жокмун, кызым деп жалдырап барам. Ай сайын ооруканага да жатып турушум керек эле, акчамдын жогунан аны дагы токтоттум. Бирок Азиянын шылтоосу түгөнбөй, акчамды кайтарбай келет.
Андан кийин ал "элден чогулткан акчаны процентке берип жүрөт, анысы аз келгенсип, Ысык-Көлгө барып эс алат" деген кептерди таратып жүрдү. Менин көлгө барып эс алганым чын, себеби рак экенимди билгенден кийин дүйнөгө батпай, жашоомдун аз калганын билип, жинди болуп кетейин деп калгам.
Сентябрь айында нотариуска Азияны ээрчитип бардым, анда ал ар айдын биринде 37 миң сомдон берем деп жазып берген. Бирок эч кандай жыйынтык болгон жок. Жакында 20 миң сом акча алып келди. Мен ага 30 миң сом алдым деп жазып бердим. Анткени 10 миң сомду кечтим, ошого ушундай кылып жазып бергенге туура келди. Мен аларга эч кандай процентке берген эмесмин, болгону гана карызга бергем. Бирок алар процентке алганбыз деп, эми мага курулай доомат коюп жатышат.
Ал эми Азиянын курбусу Элизага 14-августта 50 миң сом карызга бергем. Бирок ал дагы 10 миң сом гана кайтарып, калганын ушул убакка чейин бербей жүрөт. Ал мага сентябрь айында нотариуска барып "14-сентябрда акчаны кайтарам" деп жазып берген. Бирок андан бери 4 айдын жүзү болду. Бул акчаларды мен ден соолугумдан аяп, баламдын келечегин түптөгөнгө чогулткан элем да", - деди Айтматова.
Биз Раат Айтматованын айтканы боюнча Элиза жана Азия аттуу аялдарга жолугуп, алардын да чындыгын угууну туура көрдүк. Жабырлануучу Элизанын жашаган дарегин билбей турганын айтып, ага биз телефон аркылуу байланыштык.
"Мен эжеден карызга эмес, процентке акча алгам. Ай сайын анын үстөк пайызын төлөп турам. Калган акчаны 20-декабрда берем. Буга чейин эжеге 10 миң сом эмес, 32 миң сом бергем. Бергеним боюнча өзүмдүн блокнотума жазылган, бирок эже өзүнө жазып алганбы, билбейм", - деди ал.
Элиза аттуу аял бизге акчаны бергендигин аныктоочу документти интернет аркылуу жиберем деп айтканы мен эч кандай факты деп эсептелген документ келген жок.
Биз андан соң Раат Айтматова менен биргеликте 150 миң сом карызга алган делген Азия аттуу аялдын иштеген жерине бардык. Бирок ал биз барган учурда башка жакта экенин айтып, эшигин ачкан жок. Бир аз убакыттан соң ал иштеген жердин каалгасы ачык турганын көрүп кирип барганыбызда Азия аттуу аял жумуш ордунда болуп чыкты.
"Мен июнь же июль айында 20 миң сом акчаны 10 пайыздык үстөк менен Раат эжеден алдым. Ага чейин башка тааныштарыма 100 миң сомдон эки жолу акча алып берип, алар өз убагында кайтарып беришкен. Андан кийин тез тамактануучу жай ачууну ойлонуп, эжеден 70 миң сом алдым. Бирок ал акчаны эже бөлүп, бөлүп берген. Анан эже процентин кошуп, 110 миң сом деп жазган.
Кийинчерээк нотариуска барып эже ыйлактап 150 миң сом карыз деп жаздырып алды. Мен дагы ал жерден ызылдашпайын деп макул болуп жазып койгом. Документ боюнча сентябрдан баштап ар ай сайын 37 миң сомдон төлөп турушум керек болчу. Бирок акчам жок болуп бере алган жокмун. Декабрдын онунда мага акча келет, ошондо алып барып берем. Бирок мага акча жөнөтө турган адам мага канча акча берерин билбейм. Канча сом берсе, ошону алып барып берем. Андан башка эч кандай акча бере албайм. Андан кийин соттотуп жибереби же арызданабы, эже өзү билсин", - деди ал.
Ал эми Раат Айтматова Ленин РИИБине барып Азия жана Элиза аттуу аялдын үстүнөн арыз жазды.