Бишкектеги Улуттук китепканада белгилүү дирижёр Асанкан Жумакматовдун 90 жылдыгына арналган көргөзмө ачылат

Бүгүн, 16-июлда Бишкектеги Улуттук китепканада белгилүү дирижёр Асанкан Жумакматовдун 90 жылдыгына арналган “Жумакматов же музыка кылымы” аталышындагы көргөзмө ачылат. Китепканадан билдиришкендей, көргөзмөдө белгилүү инсандын жашоосун чагылдырган китептер, макалалар, сүрөттөр жайгаштырылат. Иш-чара 3 бөлүмдөн турмакчы. Алар: “Аскер, музыкант жана новатор”, “Менин жашоомдогу оркестр” жана “Дирижёрлук таяктын ээси”. Белгилей кетсек, Асанкан Жумакматов 1923-жылы 16-июнда Ысык-Атада туулган. Кыргыз Республикасынын Баатыры, СССРдин Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Мюнхендеги бүткүл дүйнөлүк музыка академиясынын академиги дүйнөлүк, орус, кыргыз классикасынан 50гө чукул опера жана балеттин музыкасын оркестрлештирген. Асанкан Жумакматов Улуу Ата Мекендик согушка катышып, “1-даражадагы Ата Мекендик согуш”, “Кызыл жылдыз” ордендери, “Германияны жеңгендиги”, “Сталинградды коргоо” медалдары менен сыйланган. 2008-жылы көз жумган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан