Бүгүн, 7-декабрда Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясы билим берүү тармагын окуу жабдыктары менен камсыздандыруу тууралуу маселени талкуулайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, баяндаманы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева, Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов жана башкалар жасайт. Жыйындын күн тартибинде мындан тышкары ар кандай маселелер каралат.