Кечээ, 6-декабрда Чаткал районундагы “Эти Бакыр Терек-Сай” ЖЧКсынын тегерегинде түзүлгөн кырдаал боюнча Ички иштер министрлигинин маалыматы угулду.
Депутат Аида Касымалиева Чаткалдагы кен казуу иштериндеги кырдаал мурдатан эле ириңдеп келе жаткандыгын айтты. Ал мындай кырдаал район акими менен облус жетекчиси элге түшүндүрүү иштерин жүргүзө албагандыгынан улам болуп жаткандыгын белгиледи.
Депутат Азиз Турсунбаев Терек-Сайдагы окуя боюнча ким күнөөлүү болсо мыйзам алдында жооп бериши керектигин билдирди. Турсунбаев бул жерде сурманы контрабанда жолу менен ташуу маселеси бар экенин, андыктан ишти калыс кароо үчүн ар бир фракциядан депутаттар тандалып, кырдаалды жеринде барып көрүп келүүнү сунуш кылды.