Бүгүн, 7-декабрда "КСДП Атамбаевсиз" кыймылынын маалымат жыйынында жаңжал чыкты.
Жыйында аталган кыймылдын өкүлдөрү Сагынбек Абдрахманов, Данияр Тербишалиев жакын арада партиянын өтө турчу кезексиз жыйыны тууралуу айтып жатышкан. Залда отурган бейтааныш адамдар өздөрүн КСДПнын мүчөлөрүбүз деп тааныштырып, "Кыргызстан Абдрахмановсуз!" деп кыйкырып башташты.
Жаңжал токтобой жаткандыктан улам модератор күзөтчүлөрдү чакырып, чуу салгандарды сыртка чыгартты. Кийин маалымат жыйыны тынч улантылды.
Буга чейин өткөн аптада "КСДП Атамбаевсиз" кыймылынын Бишкектеги жыйынына КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина келип катышуучулар менен кайым айтышкан.