2019-жылы Орусиядан күйүүчү майларды салыксыз ташып келүү боюнча келишимге кол коюлду

2019-жылы Кыргыз жерине Орусиядан күйүүчү майларды салыксыз ташып келүү боюнча келишимге кол коюлду. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Канат Эшатов кабарлады.

Келишимге 6-декабрда Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети менен Орусиянын Энергетика министрлигинин өкүлдөрү кол коюшту.

Канат Эшатов муну менен кийинки жылы Кыргыз жеринде күйүүчү май боюнча маселе жаралбай турганын белгиледи.

"Кол коюлган келишимге ылайык, кийинки жылы Орусиядан жалпы 1 миллион тонна күйүүчү май салыксыз алып келинет. Бирок көлөмү муктаждыкка жараша өзгөрүшү мүмкүн. Буга Орусия тарап да макул. Себеби 2018-жылы деле 1 миллион тонна көлөмдөгү күйүүчү май ташып келүү керек болсо, кийин муктаждыкка жараша 100 тонна бензин кошуп алганбыз. Азырынча келе жаткан жылда күйүүчү майлардын баасы кандай боло турганын айта албайбыз, анткени баалар ай сайын өзгөрүшү мүмкүн", - деди Эшатов.

Буга чейин Нефтетрейдерлер ассоциациясы 2019-жылдын башына чейин Орусиядан күйүүчү майларды салыксыз ташып келүү боюнча келишим ырасталбаса күйүүчү майлардын баасы 2-3 сомго кымбатташы мүмкүн экенин кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
keba300989
2018-12-07 13:30:40
токотор жерин айтпаптырго, бензин арзандайбы ошондо
0
Saidochka
2018-12-07 15:46:12
keba300989,сен экөөбүзгө арзандабайт
+2
shergazy9
2018-12-07 15:17:22
Каякта арзандайт тушко кирбеген нерсе...дунодо кризис болуп жатса
0
Дарыгер
2018-12-07 16:13:06
Бул кедишимдеги бензиндер жергиликтуу АЗСтерге тушсо бензин арзандайт. Бизде чиновниктер арзан бензинди тажикстанга сатып пайдасын корушуп. Кыргыздарга болсо кымбат налогу менен бензин алып келишет деген маалыматтар айтылат го элде
+1
Take_men
2018-12-08 16:55:33
Бизде бензинди ири монополисттер алып кирип каалаган баасын койуп сатышат. Аларга конкуренция жок. Алардан башкалар алып кире алышпайт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан