Дөөлөтбек Турдукожоев Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы кызматынан бошотулду
Дөөлөтбек Турдукожоев Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, президент Сооронбай Жээнбеков жарлыкка кол койду.
Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын сунушу боюнча Тартип комиссиясы башкы прокуроруна жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук бергендигине байланыштуу Турдукожоев кызматынан четтетилди.