Кыргыз тилдүү сайттардын сап башында турган SUPER.KG порталы жыл жыйынтыкталып бара жатканда окурмандарына кубанычтуу кабарын бөлүшөт. Бүгүн, 7-декабрда YouTube'дун Кыргыз өлкөсүндөгү расмий өнөктөшү болгон ABT Partners Genesis'тин директору порталдын YouTube'дагы каналына "Күмүш баскычты" тапшырды.
"Күмүш баскыч" YouTube каналынын авторлоруна жүз миңден ашуун катталуучу топтогондон кийин берилет.
Коомдогу курч көрүнүштөр, саясаттагы түрдүү маселелер, шоу-бизнес өкүлдөрүнүн жаңылыктары камтылган SUPER.KG-YouTube каналына катталгандардын саны бүгүнкү күндө 450 миңден ашат. Катталуучулардын санынын арбышы каналдын кызыктуу, ар тараптуу виделорду тынымсыз жүктөп тургандыгы менен байланыштуу экенин YouTube'дун Кыргыз өлкөсүндөгү расмий өнөктөшү болгон ABT Partners Genesis'тин директору Анвар Давуров белгиледи.
"SUPER.KG'нин YouTube'дагы каналы жакшы көрсөткүчтөргө жетишип, катталуучулардын саны боюнча эң алдыңкы орундардын биринде турат. Сайтта даярдалып, каналга жүктөлгөн маалыматтар Кыргыз өлкөсүндө гана эмес, чет өлкөдө жүргөн мекендештердин да кызыгуусун жарата алат. Анткени сиздер жүктөгөн видеолорду Орусиянын аймагында да абдан көп көрүшөт. Мындай натыйжага жетүү абдан кыйын, бирок сиздер аны жасап жатасыздар", - деди Давуров.
Анын айтымында, порталдын видеоканалы катталуучулардын санын миллионго жеткирип, "Алтын баскычты" алууга потенциалы, мүмкүнчүлүгү бар. Ал эми SUPER.KG порталынын директору Бактыгүл Сокушова YouTube'дун бул сыйлыгы жамаатка мындан ары да жигердүү иштөөгө стимул бере тургандыгын айтат.
"Дүйнөгө белгилүү брендден ушундай жакшы сыйлыкты алуу биз үчүн кубаныч. Ар бир колдонуучу издеген маалыматын биздин порталдан, каналдан таап жаткандыктан катталуучулардын саны күн санап, саат санап өсүп жатат деп ойлойбуз. Бул сыйлыкты алгандан кийин биз мурдагыдан да каналды кызыктуу кылууга далалат кылып иштейбиз, алдыдагы "Алтын баскычты" алууга аракеттенбиз. Биз менен болгондугу үчүн ар бир катталуучуга ыраазычылык билдиребиз, биз катталуучуларыбыз менен биргеликте гана чоң бийиктиктерге жете алабыз", - деди Сокушова.
SUPER.KG'ге тапшырылган "Күмүш баскыч" менен биргеликте берилген расмий катта: "Мындай көрсөткүчкө чоң күч, эмгектин артында жете алдыңыз. Бул үчүн биздин "Күмүш баскыч" кичинекей сыйдын белгиси болсун. Биз билебиз, сиздердин эмгек сыйлык алуу үчүн жасалган жок. Мунун баары сиздердин каналга кызыккан күйөрмандар үчүн жасалды. Ишениңиз, биз да кийинки жетишкендиктерди, жаңылыктарды чыдамсыздык менен күтөбүз. Миллионго жетүү абдан оор, алыс көрүнүшү мүмкүн, бирок сиздер ойлогондон ага жакынырааксыздар. Куттуктайбыз. Урматым менен Ютубдун директору", - деп жазылат.
Бүгүнкү күндө SUPER.KG порталында бир айда 32 миллиондон ашуун кароо болот.