Акыркы 2 ай аралыгында "Ош базарынын" аймагынан 400дөн ашуун паспорт табылды

Акыркы 2 ай аралыгында "Ош базарынын" аймагынан 400дөн ашуун паспорт табылды. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти менен укук коргоо органдары бергеликте иш алып барып, жоголгон документтерди каттоого алып, аларды ээлерине кайтарып берүү иш-аракеттерин жүргүзүүдө.

"5-декабрда Ленин РИИБинин ага лейтенанты тарабынан "Табылгалар бюросуна" 2004-жылдын үлгүсүндөгү 398 жалпы жарандык паспорт, 7 ID карта, 14 айдоочулук күбөлүк, 2 студенттик билет жана 2 чет элдик жарандын документи өткөрүлүп берилди. Ал эми ушул жылдын 1-январынан 1-декабрга чейин табылган документтердин саны 1 миң 58ди түзүп, анын ичинен 460 документ ээлерине кайтарылып берилген", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
TalaCSKA
2018-12-07 18:02:05
Почти 100℅ карманшиктердин иши.еще обмен валюттагы шылуундарчы озунчо тема деги эле Ош базарга соз жок
+4
Adilet2014
2018-12-08 15:27:05
кыргызстанда паспорт арзан болсо керек да.... болбосо баары документин бекем катып журмок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан