Жогорку Кеңештин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан чыгарылган депутат Тазабек Икрамов ишкер Бахтияр Амиражановду уурдоого буюртмачы катары шектелгенин буга чейин айрым ЖМКлар жазып чыгышкан. Анда Тазабек Икрамовдун фамилиясы ал кезде Стамкулов болгонун, ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турары жазылган.
Тазабек Икрамов дарегине карата айтылып жаткан маалыматтар калп экенин, жалган маалымат тараткандарды сотко берерин SUPER.KG'ге 7-декабрда айтып берди.
"Менин Бахтияр Амиражановду уурдоого буюртмачы катары шектелгеним калп жана жалган жалаа. Ошондой кылмыш ишке тиешем болсо, Жогорку Кеңешке депутат болуп келмек эмесмин да. Депутат болордон мурун БШКга соттолбогонумду далилдеген аныктама тапшыргам. БШК кылмыш ишке катышым бар болсо депутат болууга макулдук бербейт болчу. Таза болгонум үчүн депутат болуп отурам. Керек болсо Амиражановдун атасы Жусупжан Жээнбеков 2011-2012-жылдары Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү мамлекеттик дирекциясынын башкы директору болуп турганда кеңешчиси болуп иштегем. Кийин Жалал-Абад облусунун губернатору болуп турганда да коомдук жардамчысы болуп иштегем.
Бул жерде болгону мен көтөрүп чыккан дамилгелерди көрө албагандар жалган маалымат таратып жатышат. Буга чейин "ит үрө берет, кербен жүрө берет" деген таризде маани бербей келдим эле. Кийинки жума юристтер менен кеңешип жалган маалымат тараткандарды сотко берип, маселеге чекит койбосом болбой калды", - деди Икрамов.
Ошондой эле ал фамиясын эмне себептен өзгөрткөнүн түшүндүрдү.
"Стамкулов деген фамилиямды Икрамов деп өзгөрткөнүм чын. Себеби атамдын жана өзүмдүн бир туугандарымдын баарынын фамилиясы Стамкулов болгондуктан, мен атамдын аты унутта калбасын деп анын атынан Икрамов деп өзгөртүп алгам. Бул жерде эч кандай күмөн санай турган маселе жок. Бирок уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда бармынбы же жокмунбу, билбейм. Себеби ИИМ ошол учурда спорт менен машыгып башы көтөрүлгөн спортчуларды ал тизмеге кошуп коюуну модага айландырып алган болчу", - деди Икрамов.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты жана Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Жусупжан Жээнбеков уулу Бахтияр Амиражановдун өлүмүнө Тазабек Икрамовдун тиешеси жок деген пикирин айтты.
"Тескерисинче, экөө ага-ини катары жүрүшкөн. Баламдын өлүмүнө күнөөлүүлөр азыр камакта отурат. Тагыраагы, 4 адам кармалып, соттун чечими менен үчөө эркинен ажыратылса,Жумабек Зикирбаев дегенин Биринчи Май райондук сотунун жанынан качырып туруп атып салышкан. Ким атканы азыркыга чейин белгисиз.
Кийин Икрамовду кимдир бирөөлөр "өлтүрөбүз, кыйнайбыз" деп чыгышканда, аны өзүмө кеңешчи кылып алгам. Ал учурда Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү мамлекеттик дирекциясынын башкы директору болуп турган болчумун", - деди Жээнбеков.
Депутат Тазабек Икрамов уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары катталган же катталбаганын ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов так айткан жок.
"Кимдир-бирөөнү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деп айта албайбыз. Ал соттун гана чечими менен аныкталат. Биздин ички ыкчам иштерди жүргүзүү максатындагы ишибизге гана тиешелүү тизме болот", - деди Сеитов.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты жана Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Жусупжан Жээнбековдун уулу Бахтияр Амиражанов 2008-жылы 24-сентябрда Бишкек шаарында дайынсыз жоголгон. Анын сөөгү бир жылдан кийин Чоң-Кемин аймагынан табылган. Кийин анын өлүмүнө шектүү катары кылмыштуу топтун 4 мүчөсү кармалган. Алардын бири райондук соттон качып бара жаткан жеринен атып өлтүрүлгөн, үчөө эркинен ажыратылган.