SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кайнененин кылыктары" деген тема талкууга алынган.
Автор: "Келгиле кайненелер жөнүндө сүйлөшөбүз. Менин кайненем "каардуу" аял. Баарын башкарып, балдарынын жашоосуна кийлигишкенди жактырат. Кайнагама эки аял алып бериптир. Экөө менен тең жашабайт. Кайнежемди бир кызы менен ажыраштырып алган. Андан кийин бизди да жашатпай ажыраштырып тынды. Менин таарынганым - күйөөмдүн чечкинсиздиги. Апасынын айтканы менен болбой, өзүнүн тагдырын өзү чечсе болмок. Кайнатам баш болуп баш ийишет. Ушундай адам силердин да араңарда барбы?"
Темадагы билдирүүлөрдөн:
- "Кайненеге жакшы көрүнүп алуу өзүңүздөн болчу. “Жылуу-жылуу сүйлөсөң, жылан ийинден чыгат” демекчи жакшы сүйлөп, түрлөп тамак жасап, кайненеңиздин тилин табышка аракет кылсаңыз болмок. Ажырашкан соң күнөөнүн баарын ага койгонго жол болсун. Үй-бүлөнү сактап калуу ар бир адамдын өзүнөн көз каранды. Сиздин деле начар кыялыңыз бар окшойт. Жакшы келин кайын журтундагы сөздү сыртка алып чыкпайт. Ал эми сиз болсо бул жакка жазып, баарына жарыя кылып отурасыз. Кайненеңиз жаман болсо да жолдошуңуздун алтын апасы. Катуу тийсе кечиресиз".
- "Сен айткан жеткен желмогуз кайненелер кездешпесе жашоо кызыксыз болуп калат го".
- "Бизди да бирөө четтен караса оң сапаттарыбыз менен кошо терс сапаттарыбыз да оркоюп чыгып калса керек. Сизде азыр таарыныч гана сүйлөп жатат окшойт. Текши жаман адам жок, болсо да өтө аз санда. Сиздин кайненеңиз да жаман адам болбосо керек, жакшы сапаттары да бар да".
- "Менин кайненем өтө жакшы адам. Жоош эмес, куу эмес, эстүү. Эмне деп сүйлөштү, эмне кылышты жакшы билет. Баласын, жолдошун жакшы сөз менен алдап, айтканын кылдырат. Мага да өз кызындай мамиле кылат. Кийин мен да кайненемдей болсом экен деп тиленип жатам".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка баш багыңыз.