Москвада залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелиги ачылды

Бүгүн, 7-декабрда Москвада залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелиги ачылды. Жазуучунун 90 жылдыгын белгилөөнүн алкагында өткөн саамалыкка президент Сооронбай Жээнбеков, Москва шаарынын мэри Сергей Собянин, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, Орусиянын маданият министри Владимир Мединский, Кыргыздын Орусиядагы элчиси, Жогорку Кеңештин депутаттары катышты.

Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин авторлору Азамат Абдрахманов жана Орусия тараптан архитектор Сергей Павлов. Скульптура колодон куюлуп жасалган. Бийиктиги 2 метр 70 сантиметр.

Эстелик Павлов көчөсү менен Подольск шоссесинде жайгашкан Чыңгыз Айтматов атындагы скверге орнотулду.

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына дүйнө коомчулугу да өзгөчө көңүл буруп жатат. Буга байланыштуу иш-чаралар БУУнун Башкы Ассамблеясында, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунда, Орусия, Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Беларусь, Англия, Германия, Япония, Кытай жана башка өлкөлөрдө өткөрүлгөнү белгиленди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
erlan2196
2018-12-07 16:43:11
Молодцы. Айтматов биздин туу тута турган адамыбыз. Айтматовдун ойлору менен, чыгармалары менен элибиз жан дуйносун, дуйно таанымын кенейтебиз. Жашасын Айтматов.
+6
Benazir08
2018-12-07 17:13:48
erlan2196,жашап бутту го бирок жакшы башка олкого да таанылшан еще естелик коюлган. Биз болсо ичибиз тар ата турк Кемаль деген сейил бакты турктордуку деп алабыз атын эле ыйгарса керек
0
nurhan2702
2018-12-09 09:01:58
Калеминден кагылайын Чынгыз атабыз,чыгармалары журогунун тупкурунон орун алган эле . Кыргыз элин дуйного таанытты.Жаткан жери жайлуу болсун!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан