Экс-депутат Равшан Жээнбеков: "Эл добушун сата турган болсо, ишенимди актабаган партиялар келе берет"
Кыргыз мамлекетинде шайлоо алдында партиялар элдин добушун алуу үчүн бир канча куру убадаларды беришет. Андан кийин убадалар унутта калат. Мындан улам коомчулук дайыма Жогорку Кеңешти кескин сындап келишет. 2015-жылы парламенттик шайлоо өтүп, 6 партия жеңишке жеткен. Бул чакырылыштын депутаттарынын мөөнөтү бүтөрүнө 2 жылга жакын убакыт калды.
SUPER.KG порталынын "Жогорку Кеңешке шайланып келген партиялар шайлоочулардын ишенимин актап жатышабы?" деген соболуна Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков жооп берди.
Ал белгилегендей, шайлоочулардын көпчүлүгү өздөрүнүн добушун сатып жиберген.
"Ошондуктан биз партияларды күнөөлөгөндөн бир аз абайлашыбыз керек. Албетте, жалпысынан партиялар ишенимди актаган жок. Бирок партиялар парламентке келип жаткандыгынын баасын шайлоочулардын көпчүлүгүнө төлөп берип койгон. Ошондуктан биз партияларды күнөөлөгөндөн мурда шайлоочулар жөнүндө дагы айтып коюшубуз керек. Шайлоочулар добушун сатпай татыктуу адамдарга, партияларга добуш бериши керек болчу. Эл добушун сата турган болсо, ишенимди актабаган партиялар келе берет", - дейт Жээнбеков.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Феликс Кулов, мурунку баш прокурор Кубатбек Байболов, экс-акыйкатчы Бактыбек Аманбаев, саясий серепчи Алмазбек Акматалиев, саясий ишмер Темирбек Асанбеков, журналист Турат Акимовдун пикири төмөнкү шилтемеде.