Кыргыз мамлекетинде шайлоо алдында партиялар элдин добушун алуу үчүн бир канча куру убадаларды беришет. Андан кийин убадалар унутта калат. Мындан улам коомчулук дайыма Жогорку Кеңешти кескин сындап келишет. 2015-жылы парламенттик шайлоо өтүп, 6 партия жеңишке жеткен. Бул чакырылыштын депутаттарынын мөөнөтү бүтөрүнө 2 жылга жакын убакыт калды.
SUPER.KG порталынын "Жогорку Кеңешке шайланып келген партиялар шайлоочулардын ишенимин актап жатышабы?" деген соболуна журналист Турат Акимов жооп берди.
Ал партиялардын шайлоочулардын ишенимин актабашына жалпы систем күнөлүү деген пикирин айтты.
"Азыркы парламенттегилер эч кандай шайлоочулардын кызыкчылыгын аткара албайт. Анткени булар партиянын уставынын негизинде гана жүрүшөт. Анан партиянын өзүнүн отчёту болот. Ошол партиялардын КСДПдай болуп мүчөлөрү "силер эмне кылдыңар?" деп сураса, ошондо алар партиянын мүчөлөрүнө гана жооп бере алат. Жалпы эл, партияга жазылбагандар жана парламентке өтпөй калган партияларга булар эч кандай убада да берген эмес, бергенге да укугу жок. Эл партиялардын ишине түшүнбөстөн эле добуш бере беришет. Алар партиянын мүчөсү болбогондуктан программаны окуган эмес. Лидерлерден эки-үчөөнү тааныса, саясий кеңештин мүчөлөрүн тааныбайт. Келечектеги 5 жылга кандай максаттарды койгонун окуп, сурап, жыйындарына катышпайт, анан жөн эле апендиче добуш берип коюшу мүмкүн. Өздөрү партиянын мүчөсү болбогондон кийин алардын сураганга укугу жок. Негизи Өмүрбек Текебаев жазган Конституциянын негизинде куралган Жогорку Кеңеш - көп партиялуу парламентаризм. Мындай системди 100 жыл мурун Ленин жок кылган. Керенскийдин убактылуу өкмөтүндө 20дай партия бийлик талаша берип, аягында ошондон баш аламандык чыккан. Анан Коммунисттик партияны Ленин башкарып, партиянын лидерлигине келген. Бир партиянын бийлиги бүгүн Кытайда, Түндүк Кореяда бар. Ал эми бизде болсо көп партиянын бийлиги. Бирок кыргыздар "көп суур ийин казбайт, казса да терең казбайт" дегенди билет да. Көп партиялуу системди жок кылыш керек. Андан көрө бир мандаттуу систем киргизгенде бир айыл өкмөттөн бир депутат келет. Алар өзүнүн туулуп-өскөн жери менен байланышта болот. Эл кааласа уяткарат, кааласа башкасын шайлайт. Алыскы Лейлек айылын же Ысык-Көлдүн тескей жагындагы айылдардын бирин мисал келтирели. Ал жерде партиянын мүчөлөрү такыр жок болсо, жөндөн жөн эле бирөө барып аларга отчёт берип, бирөөнүн камын ойлобойт. Мына ошон үчүн Жанар Акаев, Равшан Жээнбеков партиядан кетип калышкан. Азыркы парламентте жергиликтүү эл менен жолугушууга барып койбогондор да бар", - деди Турат Акимов.
Жогорку Кеңештин экс-депутаттары Равшан Жээнбеков, Феликс Кулов, мурунку баш прокурор Кубатбек Байболов, экс-акыйкатчы Бактыбек Аманбаев, саясий серепчи Алмазбек Акматалиев, саясий ишмер Темирбек Асанбековдун пикири төмөнкү шилтемеде.