Мигранттардын балдарын милдеттүү түрдө камкордукка алуу сунушталды

БУУнун Балдар фонду Кыргыз бийлигин ата-энеси мигрант болуп жүргөн балдарды убактылуу милдеттүү камкордукка алуунун механизмин биргеликте иштеп чыгууга чакырат. Бул тууралуу ЮНИСЕФтин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, ата-эне баласын таштап чет өлкөгө кеткенге чейин баласын мыйзамдуу түрдө убактылуу багып турган адамды таап, табыштап кетиши керек. Мындай шартта баланы багууга милдеттендирилген адам жоопкерчиликти сезет жана балага кордук көрсөтүү азаят. Муну менен баланы убактылуу карап жаткан адамга балага чыгарылган жөлөк пулду алуусуна мүмкүнчүлүк түзүү керек.

"БУУнун Балдар фондунун Кыргыздагы өкүлчүлүгү апасы Орусияга кетип, токмоктон улам чарчап калышы мүмкүн деп айтылып жаткан баланын өлүмүнө абдан кейийт. Бала апасынын тааныштарынын үйүндө жашаган. Бул үрөйдү учурган кайгылуу окуя бизге сабак болушу керек, күтүп отурганга убакыт жок, балдарды зордук-зомбулуктан коргоонун ыкчам механизмин иштеп чыгышыбыз керек. Ата-энеси мигрант 119 миң баланы милдеттүү багууга беришибиз керек", - деген ЮНИСЕФтин өкүлү Юкиэ Мокуо.

Маалыматта белгиленгендей, баланын психологиялык жана денесинен алган жаракаттары анын өсүп, жетилүүсүнө чоң зыян тийгизет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
CEO1
2018-12-08 17:30:30
Кимге милдеттуу багууга беришет имиш?! Интернат мектептерди ачыппы?!!

Ким кааласа берсин, каалабагандар бербейт!!!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан