Учурда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустарында иш сапары менен жүрөт. 7-декабрь күнү түшкө жуук Жалал-Абад облусуна келип, Сузак айыл өкмөтүнөн өтүп баратканда кортежи элдин нааразычылыгын жаратты. Анда милиция кызматкерлери кортежди өткөрүү үчүн 20 мүнөттөй убакытка чейин элди жолдон өткөрбөй жаткан видеосу интернетке тарап кызуу талкууга алынууда.
Бул жагдайга байланыштуу өкмөттүк аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгул уулу SUPER.KG'ге түшүндүрмө берди. "Өкмөт башчы Жалал-Абад облусунда жүргөндө унаа жол канча мүнөт мурун жабылып жатканын билбейм. Мүмкүн Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлери жолду эрте эле жаап алышкандыр. Бирок президент, өкмөт башчы, Жогорку Соттун жана Жогорку Кеңештин төрагасы кортеж менен өткөндө унаа жол алардын коопсуздугу үчүн сөзсүз жабылат. Жолду жаппайбыз десек, анда Конституцияны өзгөртүү керек", - деди Эсенгул уулу.