Өзбекстандын Ташкент облусундагы Жогорку Чырчык районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери Куран китепти кармап пара албоого, алдамчылык кылбоого ант беришти. Бул тууралуу Азаттыктын өзбек кызматы жазды.
Маалыматта жазылгандай, социалдык тармактарга аталган райондун милициясынын кеңсесиндеги ант берүү аземинде тартылган сүрөт тарап, кызуу талкууга алынган. РИИБ кызматкерлери мындай антты өткөн аптада беришкен. Анда иштеп, бирок кызматынан айрылып калуудан чочулап атын атагысы келбегендердин бири ант берүү аземи район имамынын катышуусунда өткөнүн билдирген.
"Жеке курамдагы ар бир кызматкер Курандын өзбек тилиндеги нускасын кармап, жемкорлук жана алдамчылык кылбоого ант беришти", - деген ал.
Өзбекстандын Ички иштер академиясында иштеген окутуучулардын бири Куран китепти кармап ант берүү жогору жактын буйругу эмес, райондук милициянын жетекчилигинин демилгеси болушу ыктымал деген божомолун айткан.