Сүйүнчү! Кыргыздан чыккан мушкер Валентина Шевченко UFC'нин чемпиондук курун тагынды

Кыргыздан чыккан мушкер Валентина Шевченко UFC'нин чемпиондук курун тагынды. Беттеш бүгүн, 9-декабрда Канаданын Торонто шаарында орун алды.

Чемпиондук кур үчүн беттеште Валентина Шевченко Йоанна Енжейчик менен күч сынашты. Беттештин жүрүшүндө Валентина Шевченко таамай соккулары менен атаандашынын айласын кетирип жатты. 5 раунддук беттештин ар бир бөлүгүндө Шевченко мыктыраак болуп, натыйжада калыстардын бирдей чечими менен жеңишке жетти.

Муну менен Валентина Шевченко UFC'нин 57 килограммга чейинки салмак чениндеги чемпиондук курунун ээси болду.

Белгилүү болгондой, буга чейин Валентина Шевченко 2 жолу чемпиондук кур үчүн Аманда Нуньес менен күч сынашып, жеңилүү ызасын тартып калган.


кошулду
Кыргыздан чыккан мушкер Валентина Шевченко UFC'нин чемпиону болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
arena2014
2018-12-09 12:09:06
Акжол Сулайманбек уулу жонундо эмнеге жазбадынар супер?
-3
bahabaike
2018-12-09 12:10:53
Кантсе да кыргыздын желегин кошо ала жургону кабандырат. Ошол учун рахмат айтам,Валя азамат!
+12
Take_men
2018-12-09 12:36:56
bahabaike, ооба ар дайым Кыргызстандын туусун кошо ала чыгат. Азамат Валя
+5
Take_men
2018-12-09 12:41:00
Кечээ кечинде Москвада биздин WEF тин балдары көп жеңишке жетишти. Актилек жеңишке жетти. Ошол жөнүндө дагы жазгылачы Супер
-5
Benazir08
2018-12-09 12:56:57
Молодец ото кубанычтабыз Кыргыз желегин желбирете беришсин спортсмендерди которуш керек буга уй берип койсо да болот окмот Алтынай эконо. Кыздарды сыйлап
+5
talas0707
2018-12-09 13:10:18
Азамат!
+4
CEO1
2018-12-09 13:13:23
Шевченколорго Окмоттон колдоо жок таптакыр. Булардын чыгымдары чон, ал жерде жашап, бул жерде жашап талыкпай машыгуулары керек. Ары бери самолет менен каттап гостиницаларда калат дегендей. Буга чет олколордон жардам тушуп, жардам бергендер оз условиясын коюп келет, биздин олконун атынан чыгасынар деп. Ошондо да ар качан Кыргызстандын желегин которуп чыгат, Кыргызстандан биртке жардам да корбосо да. Кыргызстандын чыныгы патриот кызы. Биз бул кыз менен сыймыктанышыбыз керек!!!
+15
CEO1
2018-12-09 13:17:20
Айрымдар каяктагы Хабибди "бир тууган" кылып ошол менен сыймыктанып журот, якобы мусулман имиш. Бул алардын эки жуздуулугу. Болбосо коншу Казахстан, Озбекистан, Туркменистан ж.б.толтура спортчулар бар, олимпиадада алтын медаль уткандар, дуйно чемпиондору бар. Эмнегедир аларды "бир тууган" деп айтышпайт, тили айланбайт. Бул алардын эки жуздуулугу...

Валя коптогон жолу утуп келет, Хабибди колдоп суроп коммент жазгандар бул жолу жок, бирин-серин. Бул эки жуздуулук!!
+7
gulmi
2018-12-09 13:54:03
Азамат!
+4
AksyKum
2018-12-09 14:25:09
Дин душманы каерге болсода динди кошо берет экен да. Кандай жаңылык болбосун дин мн Чубак ажыны күнөөлөй берет экен тобоо
-4
barsa30
2018-12-09 16:15:41
Азаматсын куттуктайм Шевченко ар дайым ийгиликтин үстүндө бол!!
+3
Skarlett-Skarlett
2018-12-10 10:12:28
Валя,сен патриотсун!Куттуктайм!
+1
LadyB
2018-12-10 10:36:20
МОЛОДЕЦ Валентина, Кыргызстан гордится тобой
+1
nuraku
2018-12-10 10:59:31
Шевченко Кыргызстандын туусун алып жургон патриот, бул жолку женишинде биздин тууну жер жузуно дагы бир жолу корсотту. Жайында Ысык-Колго келип машыгып кетишти. Окмотубуз колдоо катары квартира берип койсо жакшы болмок
+2
bekov01
2018-12-10 13:11:42
Азамат Валя! Биз сыймыктанабыз сени менен! Окмот созсуз бериш керек квартира. Азамат!!!
+1
sherzatik
2018-12-10 15:25:22
Мен да куттуктап кетейин. Валентина сага ден соолук үй бүлөлүк бакыт каалайм!Азаматсың! Ооба өкмөт колдоп койсо болмок. Үйү жок чемпиондорго үй берсеңер жакшы иш кылган болот элеңер. Валентина сага раазычылыгымды билдирем!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан