ЭЛДИК КАБАР: "Бишкектеги көчөлөрдүн биринде жол белгиси кулап жерде жатканына 2 апта болду" дейт окурман

"Жол кыймылынын белгилерине көңүл бурулбайт. Алар кулап, сыры кетип же сынып калса деле калыбына келтирилбей, калган жеринде жок болуп кетет". Мындай маалыматты окурман "ЭЛДИК КАБАРГА" билдирди.

"Бишкектеги "Дордой Моторс" базары тарапта Дэн Сяопин көчөсү менен Патрис Лумумба көчөлөрүнүн кесилишиндеги жөө адамдар өтүүчү өтмөктү белгилеп көрсөткөн жол белгиси сынып, жерге кулап калган. Андан бери 2 апта өттү. Калыбына келтириле элек", - дейт окурман. Аталган жол белги жөө адамдар өтүүчү тилкени белгилеп, бири "жөө жүргүнчүлөргө жол бер" деген белгини көрсөтүп турат.

Бул кабардын негизинде алынган жоопту шилтеме аркылуу өтүп окусаңыз болот.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
FC-Abdish-ata
2018-12-11 19:23:23
Корупсун озун тургузуп койсон эмне болот?
+2
Alleria
2018-12-11 19:30:23
Ушул көчөлөрдүн аттарын кыргызча эле койсо болбойбу? Патрис Лумумба ким өзү? Мен билбейт экенмин.
+2
AIA-TOO
2018-12-11 20:03:27
"Патрис Лумумба, Ден Сяопин" булар Кыргыздарга ким өзү? Булардын эмнеси менен сыймыктанып аттарын көчөлөргө коюп алышкан биздин маңкурттар.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан