Жумгал районунда дарыяга түшүп кеткен 9 жаштагы баланы издөө иштери улантылууда. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 7-декабрь күнү саат 14:00 чамасында Кабак айылындагы Көкөмерен дарыясына 2009-жылы туулган К.Б. аттуу бала түшүп кеткен. Дем алыш күндөрү жүргүзүлгөн издөө иштери натыйжа берген эмес.
"Издөө иштерине аймактык куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу тартылып, бирок бала табылган эмес. Издөө иштери бүгүн 10-декабрь күнү улантылат", - деп жазылат маалыматта.